Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

БШК: Мыйзам бузууга байланыштуу 43 арыз түштү


Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

11-апрелде 18:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 43 арыз түштү. Алардын көпчүлүгү добуш сатып алуу жана административдик ресурс боюнча кайрылуулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады.

“18:00го 43 арыз болду, андан бери дагы түшүп жатат. 20:00го жетимишке чыгат деп ойлоп жатам”, - деди Шайназаров.

Шайназаров Ички иштер министрлиги жана башка байкоочуларга дагы кайрылуу түшүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 106 арыз каралып жатканы кабарланган.

11-апрель эртең менен өлкөнүнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) мыйзам бузуу жөнүндө 255 маалымат түшкөнүн кабарлаган.

Буга чейин НДПК, "Реформа", "Республика", "Реформа", "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурс болуп жатканын айтып чыгышкан.

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG