Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Ден соолук паркында ыктыярчы Адинайдын элесине арналган бак отургузулду


Ден соолук паркы.
Ден соолук паркы.

Бишкектин Ден соолук паркында ыктыярчы кыз Адинай Мырзабекованын элесине арналган бак-дарак отургузулду. Мэриянын басма сөз кызматы 14-апрелде кабарлагандай, кыздын ата-энеси жана туугандары паркта ишембилик өткөрүп, бак отургузуп кетишти.

22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылы Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы курчуп турган чакта каза тапкан. Ал Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Кийин ага «Эрдик» медалы ыйгарылган жана ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлер менен ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылган.

Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңи каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG