Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Сот Свердлов районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганын ырастады


14-апрелдеги нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек, 2021-жыл.
14-апрелдеги нааразылык акциясынын катышуучулары. Бишкек, 2021-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында нааразылык акцияга тыюу салынган чечим боюнча түшүндүрмө берди.

Шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" 2-марттан 25-апрелге чейин тынчтык акцияларын, жыйын жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган чечим буга чейин эле чыкканын билдирди.

Маалыматка караганда, чечим Свердлов райондук акимчилигинин арызынын негизинде быйыл 1-мартта чыккан жана анын мамлекеттик, муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок.

Акимчилик митингдер шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратат деген жүйө менен сотко кайрылган.

14-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар Боршайкомдун алдында ачкачылык акциясын баштаганын жарыялашкан.

Милиция кызматкерлери нааразы тарап орноткон чакан чатырчаларды алып, акциянын модераторлорунун бирине укук коргоо органына баш ийбеди деген негизде 3 миң сом айыппул салынган.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Ага катышкан айрым партиялар 12-апрелде "бир катар одоно мыйзам бузуу болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуу аныкталса ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын, партиялар менен талапкерлерге да чара көрүлөрүн айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG