Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

«Клооп» "One World Media Awards" сыйлыгынын узун тизмесине илинди


Кыргызстандагы "Клооп" басылмасы британиялык абройлуу "One World Media Awards" сыйлыгынын узун тизмесине илинди.

Бул байге "Глобалдык түштүктө"* көмүскөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырган, стереотиптерди сындыруу, түрдүү маданияттагы адамдардын башын бириктирүү багытындагы маселелерди көтөргөн маалымат каражаттарына берилет.

"Клооп" кабарлагандай, басылма "Атайын сыйлык" багытында ат салышууда. Атаандаштардын арасында Колумбиядан, Мьянмадан жана Африканын бир катар мамлекеттеринен он басылма бар.

Узун тизмеге илингендерди комиссия иргеп чыгып, май айында кыска тизмеге жазылат. Финалга үчөө чыгат жана жеңүүчүлөрдү онлайн сыйлоо аземи 17-июнда өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, быйыл 96 мамлекеттен 500дөн ашуун өтүнмө жолдонгон.

1987-жылдан бери иштеп келаткан "One World Media" коммерциялык эмес уюмунун кеңсеси Лондондо жайгашкан. Уюм адам укуктарын коргоо менен өнүгүүгө салым кошкон жалпыга маалымдоо каражаттарын колдойт.

*"Глобалдык түштүк" термини географиялык бөлүнүүнүн түштүк тарабында жайгашкан, кирешеси төмөн мамлекеттерге карата колдонулат.

"Клооп" Кыргызстанда 2007-жылдан бери ишмердик жүргүзүп келаткан көз карандысыз интернет басылма. Макалалары кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG