Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Курманкул Зулушев: "тергөө менен кызматташуу" түшүнүгү жоюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жаңы кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилсе, "тергөө менен кызматташуу" деген түшүнүк жоюларын билдирди. Ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жыл үчүн баяндама жасап жатып, муну мыйзамдардын "мүчүлүштүгү" катары сыпаттады:

“Кылмышка шектүү өзү жазадан кутулуш үчүн күнөөсүз, балким ал ишти жасабаган адамдарга каршы көрсөтмө берип жатат. Муну менен тергөө оңой жүрүүдө. Тергөөчү изденбей калды. Тергөө менен кызматташкан адамдын айтуусу менен башкаларды жоопко тартат. Бул мыйзамдагы мүчүлүштүктөр. Буга байланыштуу маселени карап жатабыз. Жаңы кодекстерде өзгөртүү киргизип Жогорку Кеңешке алып келебиз”, - деди Зулушев.

2019-жылы күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине ылайык, кылмышка шектүү тергөө менен кызматташса, анда жазасы жумшарат. Шектүү бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Соңку кездери коррупцияга айыпталып камакка алынган, бирок тергөө менен кызматташууга көнүп, акчасын төлөп камактан бошонуп кеткендер көбөйдү жана бул коомдо талаш-талкуу жаратты.

Буга чейин Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бир топ мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолор киргизилери айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG