Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Сузакта депутаттык мандат берилбей жаткан аял нааразы болууда


Арапат Юлдашева
Арапат Юлдашева

Жергиликтүү кеңешке шайлоодо Жалал-Абад облусундагы Сузак айыл аймагында жеңип чыкканын айткан Арапат Юлдашева мандат берилбей жатканын билдирип, нааразы болууда.

“Мен 254 добуш алып, талапкер аялдардын арасынан экинчи болуп өткөм. Баары "сиз өттүңүз" деп куттуктап, мандат алчу депутаттардын арасында менин да аты-жөнүм бар эле. Бүгүн (19-апрелде) мен өтпөй, ордума Саида Тураталиева деген талапкер өтүптүр. Ал шайлоо болгон күнү 241 добуш алган болчу. Сураштырсак, биз баарыбыз жыйынтыкка макул болуп кеткенден кийин Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы үкөктү кайра ачып, кол менен эсептеп, жараксыз делген 56 бюллетендин 42син башка талапкерге каттап коюптур”,- деди Юлдашева.

Талаш жаралган №2009 шайлоо участогунун төрайымы Шарипа Мамадалиева муну доомат деп, талапкерлер жана алардын ишенимдүү өкүлдөрү электрондук жыйынтыктан кийин бюллетенди кол менен саноого катышпай кетип калышканын жүйө келтирүүдө.

Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 квотасы аялдарга берилип, 30дан ашык аял талапкерлигин койгон.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтүп, аялдарга 30% милдеттүү квота берүү шартында уюштурулду. (TB)

XS
SM
MD
LG