Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

Тогуз партиянын өкүлдөрү "Ата-Журт Кыргызстанга" каршы чыгышты


Бишкекте өткөн пресс-конференция. 20-апрель, 2021-жыл.
Бишкекте өткөн пресс-конференция. 20-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандагы сегиз партиянын өкүлдөрү 20-апрелде Бишкекте "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына каршы басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынан аталган партиянын талапкерлерин жергиликтүү кеңештерге шайлоого каттоону жокко чыгарууну талап кылышты.

"Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", Коммунисттер партиясы, "Улукман", ДДК, "Бүтүн Кыргызстан", "Бийлик элге", "Тынчтык" жана "Жашылдар" партиясынын жүйөөсүнө караганда, "Ата-Журт Кыргызстан" шайлоого алты ай калганга чейин каттоодон өткөн эмес. Алар партия мурда "Единство народа" деп аталганын, шайлоого бир жарым ай калганда "Ата-Журт Кыргызстан" деп өзгөрүп калганын белгилешүүдө. Нааразы болгондор муну кайра каттоо эмес, жаңыдан каттоо деп эсептешет.

11-апрелде Кыргызстанда шаардык кеңештерге шайлоо болуп, ага катышкан партиялардын арасында "Ата-Журт - Кыргызстан" көп жерде 7% чектен өтүп, жеңишке жеткен.

Коомчулукта "бийликчил" деп мүнөздөлүп келаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы ушул жылдын 26-февралында, же кезексиз курултайга чогуларга эки күн калганда Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Аны былтыр «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Айбек Маткеримов башкарат. "Азаттык" аталган партиянын өкүлдөрүнөн азырынча комментарий ала алган жок. (ErN\SE)

XS
SM
MD
LG