Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бирин бошотту. Ал Нормахамат Арипхонов экенин түркиялык "Демирөрен" кабар агенттиги 20-апрелде жазды. Калган айыпталуучулар тергөө абагына жөнөтүлдү. Отурум башка күнү улантылмай болду.

Басылма билдиргендей, отурумга шектүүлөр Абдулла Энвер, Хусейин Ахметалиев, Нормахамат Арипхонов, Али Исбех, Али Эл Хадж Али жана Ассад Элхатиб катышкан. Ал эми Самер Баргут тергөө абагынан онлайн кошулган.

Стамбул шаардык Башкы прокуратурасы Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча 60 барак айыптоо корутундусу даярдаган. Анда прокурорлор соттон "Куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү", "Конституциялык түзүлүштү жок кылууга аракет кылуу" жана "Атайлап адам өлтүрүү" беренелери менен жети кишини өмүр бою абакка кесүүнү суранган.

Уйгер тектүү ишкер Айеркен Саймаити 2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда киши колдуу болгон.

Анын ысымы алгач «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзүп, 2019-жылдын 21-ноябрында жарыялаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана ошол эле жылдын 4-декабрында жарыкка чыгарган «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрүндө аталган.

Ал журналисттик материалдарда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарылып тургандыгы тууралуу кеп болгон. (ElB\SE)

XS
SM
MD
LG