Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Уу коргошунга ууланды деген божомол менен бир бейтап ооруканага түштү


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында уу коргошунду көрсөтүп жатат
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында уу коргошунду көрсөтүп жатат

Бишкекте уу коргошундун тундурмасына (Ысык-Көл тамыры же аконит затына) ууланды деген божомол менен бир адам Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борбору бейтап 63 жаштагы эркек экенин билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда ал уу коргошундун тундурмасын ичкен.

"Азаттыкка" бул маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборундагы ишенимдүү булактар тастыктап, ууланган бейтаптын абалы начар экенин айтышты.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан "бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары" таап алышканын "Фейсбукка" жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө "уу коргошун" деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган. Жогорку Кеңештин тармактык комитети "кыргыз медицинасын кадыр-баркына шек келтирди" деген жүйө менен өкмөткө министрди кызматтан алууну сунуштаган.

"Фейсбук" компаниясы президент Жапаровдун постун өчүрүп салган. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG