Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат


Чыңгыз Айтматов жана Мария Урматовна Айтматова.
Чыңгыз Айтматов жана Мария Урматовна Айтматова.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова бүгүн, 21-апрелде Бишкекте жерге берилет.

Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдиришкендей, маркум менен коштошуу зыйнаты саат 11де жазуучунун үй-музейинде болот. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

79 жаштагы Мария Айтматова 20-апрелде коронавирустан көз жумду.

Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда Ширин жана Элдар аттуу балдары бар. (NT)

 

XS
SM
MD
LG