Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы бүгүн келет


Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы 20 миң доза өлчөмүндө 22-апрелде Кыргызстанга жеткирилет.

Дары президент Садыр Жапаровдун Москвага сапарынын алкагында келип жатканын өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Кийинки партия качан келери, бул дары менен эмдөө качан башталары тууралуу азырынча маалымдала элек.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бир доза 10 доллардан саналганын "Спутник Кыргызстан" агенттигине билдирген. Ошондой эле Бишкек миллион доза буюртма бергенин, анын тең жарымы гуманитардык жардам экенин айткан.

Пандемия башталган бир жыл ичинде Кыргызстанда коронавирус 93 миңден ашуун кишиге жукту. Анын 87 500дөн көбү айыкты, 1566 бейтап каза болду (22-апрелдеги маалымат).

Оору жуктуруп алгандардын саны соңку күндөрү суткасына 200-300 адамга жетүүдө. Ал арада өлкөдө COVID-19 вирусунун төрт штаммы тараганы аныкталды.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. 21-апрелге карата "SinoPharm" менен 12 миңден ашуун адам эмделгени расмий кабарланды.

Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин жарыялаган. Эл аралык COVAX программасынын алкагында ийнелер жана башка медициналык каражаттар алып келинген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG