Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Сот Юристанбек Шыгаевдин ишин кароону токтотту


Юристанбек Шыгаев.
Юристанбек Шыгаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Юристанбек Шыгаевге байланыштуу ишти кароону токтотту.

Райондук соттун басма сөз кызматы иш мөөнөтү өтүп кеткендиктен 2021-жылдын 26-февралында өндүрүштөн алынганын билдирди.

Шыгаев кызматта турганда музейден орус сүрөтчүсү Николай Сверчковдун «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып кетип калганы 2019-жылы ачыкка чыккан. Кийин ал эмгектерди бузулган абалда кайтарганын ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилиги маалымдаган.

Шыгаев ал сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, кайра калыбына келтире турганын билдирген. Ушул чуудан улам кызматтан кетип, үстүнөн Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

"Kaktus Media" басылмасы «Ит менен ат» чыгармасынын баасы 672 миң сом деп аныкталганын, Шыгаев чыгымды өкмөттүн атайын эсебине төгүп бергенин жазды.

"Азаттык" азырынча Шыгаевдин өзүнөн комментарий ала алган жок. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG