Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Баткенде жасалма ичимдик саткандар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы Баткенде 2,5 миллион сом деп бааланган жасалма 15,5 миңдей бөтөлкө алкогол ичимдигин таап, тартып алды. Маалыматка караганда, арак-шараптар жети дүкөндө сакталып турган.

Бул факты ишкердик субъекттерге ылайык териштирилип жатат.

Кыргызстанда соңку жылда алкоголдук продукция өндүрүү эки эсеге кыскарган. Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 2 миллион 959 миң декалитр алкоголдук ичимдик өндүрүштөн чыккан. Бул көрсөткүч 2019-жылы 5 миллион 106 миң декалитр болгон.

Бир декалитр 10 литрди түзөт. Адатта жарым литрлик 20 шише бир жашикке салынгандыктан, алкоголдук эсеп декалитр менен жүргүзүлөт. 2020-жылдагы эсепти литрге айлантсак, 29 млн. 590 миң литр болот. 2019-жылы чет элдик басылмалардын бири Кыргызстанда бир жылда 116 млн. литр ичимдик ичилет деп иликтеп чыккан.

Кыргызстандын алкоголдук өндүрүшүндөгү ири компаниялардын бири «Аю» ишканасы былтыр жыл этегинде жумушун убактылуу токтоткону кабарланган.

Ага чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы заводдун кампаларында салык жашыруу аныкталганын маалымдаган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG