Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жер ортолук деңизине мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти


Жер ортолук деңизде 130дай мигрант түшкөн кайык чөгүп кетти.

Окуя деңиздин Ливияга караштуу жээгинде болгон. "SOS Méditerranée" деп аталган гуманитардык уюм издөө жүргүзүп, аман калгандарды таппаганын жарыялады.

Буга чейин Триполинин түндүк-чыгышында онго жакын адамдын сөөгү табылганы жарыяланган. Азыркы учурга чейин 40тай адам дайынсыз болуп жатат.

Ушуну менен акыркы аптада мигранттар түшкөн экинчи кайык чөгүп кетти. Өткөн аптада Жер ортолук деңиздин Туниске жакын жээгинде кайык оодарылып, кеминде 41 адам набыт болгон.

БУУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 350дөн ашык мигрант Жер ортолук деңизге чөгүп каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG