Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Орусия чет элдик кемелер үчүн Кара деңиздеги үч районду жапты 


Орусиянын аскердик кемелери Крымдагы машыгууларда. Кара деңиз. 22-апрель, 2021-жыл.
Орусиянын аскердик кемелери Крымдагы машыгууларда. Кара деңиз. 22-апрель, 2021-жыл.

Орусиянын бийлиги Кара деңизде үч районду чет элдик аскердик жана мамлекеттик кемелер үчүн жапты.

Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, үч район тең аннексияланган Крымдын жээгине жакын акваторияга таандык.

Чектөөлөр жарым жылга - 24-апрелден 31-октябрга чейин уланат. Министрлик жабылган үч зона тең Орусиянын аймагында экенин жана Керч кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тоскоол болбой турганын жарыялады.

Буга чейин Орусия Кара деңиздеги бир нече райондордун жабылышын аскердик машыгуулар менен байланыштырган.

22-апрелде коргоо министри Сергей Шойгу өлкөнүн түштүгүндө, Украина менен чек арада машыгуулар токтогонун, аскерлер 1-майга чейин туруктуу жайгашкан жерлерге кайтаарын жарыя кылган.

Украина Орусиянын деңиздеги үч районду жапканына нааразылык билдирди. АКШ муну Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү аракети деп атады.

Евробиримдик менен НАТО Кремлди бул чечимди жокко чыгарууга, сууда эркин жүрүү укугун камсыздоого, Киевдин Азов деңизиндеги портторуна эркин каттамга жолтоо болбоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG