Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Спортчу Роман Петров Токио олимпиадасына жолдомо алды


Роман Петров (ортодо) жана анын машыктыруучулары. Ташкент шаары. 25-апрель, 2021-жыл.
Роман Петров (ортодо) жана анын машыктыруучулары. Ташкент шаары. 25-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Ташкент шаарында өткөн фехтование боюнча Азия-Тынч океан квалификациялык мелдеште алтын байге тагынып, аны менен катар Токио Олимп оюндарына жолдомону утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктигинин басма сөз кызматы билдирет.

Роман Петров - фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Фехтование боюнча Азия чемпиону.

Учурда Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына 13 жолдомо чогулду. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая алган.

“Азаттык” радиосунун “Олимпиадага жол” аталышындагы жаңы түрмөгү олимпиадага жолдомо алган спортчулар тууралуу баяндайт.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG