Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Депутат Никитенко коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчанын эсебин сурады


Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко өкмөттүн пандемия шартында түзүлгөн оор абалдан чыгуу планы болбогонун айтты.

Депутат жаңы жумушчу орундары түзүлбөй, айыл чарбасы, өндүрүш токтоп, мигранттардын абалы оорлоп жатканын белгиледи.

“Тилекке каршы, өкмөттүн негизги функциясы болгон элди коргоо жана колдоону көрбөй жатабыз. Бизнести “коррупция менен күрөшүү” деп кысып, “кустуруп алган” каражаттар кайда? Карапайым калк коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын пайдасын сезип жатабы? Өкүнүчтүүсү, өкмөт өндүрүштүн реалдуу сектору болгон ишкерлердин коронавирустан келип чыккан оор абалдан чыгууга жардам бербей жатканы айдан ачык. Кумарканаларды жарнамалагандай, мамлекеттик программаларды элге үгүттөшсө көбүрөөк пайдасы тиймек”, - деди Никитенко.

Депутаттын бул кайрылуусуна вице-премьер-министр Артем Новиков жооп берип, антикризистик план даярдалып, анын аткарылышы өкмөт башчынын көзөмөлүндө экенин айтты.

28-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп, анда өкмөттүн экономикалык, саламаттык сактоо жана социалдык багыттагы ишмердиги талкууланды. Жыйынга өкмөт башчы Улукбек Марипов катышкан жок. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG