Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ФБК "Russia Today" каналынын кызматкерлеринин маянасын жарыялады


Орусия. Президент Владимир Путин Russia Today шеф-редактору Маргарита Симоньянды Невский ордени менен сыйлоосу. 23-май, 2019-жыл.
Орусия. Президент Владимир Путин Russia Today шеф-редактору Маргарита Симоньянды Невский ордени менен сыйлоосу. 23-май, 2019-жыл.

Алексей Навальный негиздеп, Орусиянын бийлиги “чет элдик агент”деп тааныган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду "Russia Today" мамлекеттик медиа корпорациясынын кызматкерлеринин айлык жадыбалын ачыкка чыгарды.

Фонддон маалыматтар текшерилип, анын ынанымдуулугу шек жаратпай турганын бекемдешти.

ФБКнын маалыматы боюнча "Russia Today" медиа корпорациясынын башкы директору Алексей Николовдун маянасы айына 2,6 млн. рубль, башкы редактору Маргарита Симоньян 1,7 млн. рубль, анын биринчи орун басары Елизавета Бродская - 2,1 млн. алат.

Анын бардыгы орусиялык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен- мамлекеттик бюджеттен төлөнөрү макалада көрсөтүлгөн.

Жарыяланган материалда мындан сырткары "Russia Today" медиа корпорациясы ай сайын ондогон миллион бюджеттик акчаны блогерлерге, колумнисттерге, ютуберлерге корото турганы белгиленген. Алардын негизги милдети Кремлди мактап-жактап, Коррупцияга каршы күрөшүү фондун каралоо жана аны негиздеген Алексей Навальныйды мазактоого багытталганы айтылат.

Мындан сырткары материалда "Russia Today" корпорациясынын кызматкерлеринин маянасы менен башка орусиялык бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акылары салыштырылып, дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы алардыкынан ондогон эсе аз экени өзүнчө белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG