Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Чек ара чырынан үч адам каза болду, алардын бирөө өспүрүм кыз


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 28-29-апрелде чыккан кагылышуулардан үч жаран каза болду, 84 киши жараат алды.

Каза болгондордун бирөө Лейлек районунан, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ал Баткен шаарындагы ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна, «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожали” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну 29-апрелде кечки саат сегизден тарта токтотуп, аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерине кайтаруу макулдашылганын кабарлады.

Баткен облустук администрациясы кечки саат сегизден кийин деле чек арада ок атышуу уланып жатканын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG