Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Аркада жай тургандардын үйлөрү аткыланып жатканы кабарланды


Лейлек районунун Арка аймагы. 30-апрель, 2021-жыл.
Лейлек районунун Арка аймагы. 30-апрель, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы билдиргендей, 1-май, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды.

"Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти. Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.

УКМК жана жергиликтүү тургундар, "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиришкендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду. Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат тараткан жок, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Ош-Баткен-Исфана автожолу өтөт. Бул жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 30-апрелдин кечинде ачылганы расмий жарыяланган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG