Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Өсөрова: Тажик аскерлери Лейлектен чыгарылган жок


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2021-жыл.
Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. 1-май, 2021-жыл.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова "Азаттыкка" тажикстандык аскерлер дагы деле Лейлекте экенин билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери чыгарылды деген маалымат чындыкка туура келбейт:

"Мен азыр Көк-Ташта турам. Тажик аскерлери чыккан жок. 100% турат. Алар Төрт-Көчөнү тосту. Лейлекке өтүү мүмкүн эмес".

УКМК жана жергиликтүү тургундар, "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиришкендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду. Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган. Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти.

Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат тараткан жок, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Ош-Баткен-Исфана автожолу өтөт. Бул жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 30-апрелдин кечинде ачылган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG