Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Казакстан Кыргызстанга көңүл айтты


 Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Архивдик коллаж сүрөт.
Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров. Архивдик коллаж сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты. Бүгүн 1-майда ал кыргыз президенти Садыр Жапаровго телефон чалып сүйлөштү.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи".

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG