Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Чек арадагы абалды көзөмөлдөө үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүлдү


29-апрель, 2021-жыл. Баткен облусу.
29-апрель, 2021-жыл. Баткен облусу.

1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, жолугушуу эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында өткөнүн билдирди.

Расмий маалымат боюнча, анын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

1. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (Тажикстандын убактысы боюнча саат 14:00дөн тартып) аскерлерге (күчтөргө) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди (күчтөрдү) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү.

2. Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч адамдан турган жумушчу топту түзүү.

3. Түшкөн маалыматтарды (дезинформацияны) текшерүү үчүн эки тараптан үч адамдан турган текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу.

4. Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап Кыргызстандын убактысы боюнча саат 08:00дө (Tажикстандын убактысы боюнча саат 07:00дө) башталат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдын кесепетинен Кыргызстандан 34 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

1-майда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.

Кыргыз тарапты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди. Анда ок атышууну токтотуп, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдүн баарын ордуна алып кетүү макулдашылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG