Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Тажикстанда барымтада кармалып турган кыргызстандыктар бошотулду


Тажикстанда барымтада кармалып турган кыргызстандыктарды өлкөгө кайтарып алып жаткан учур.
Тажикстанда барымтада кармалып турган кыргызстандыктарды өлкөгө кайтарып алып жаткан учур.

Баткендеги чек ара чырынан улам Тажикстанда барымтада кармалып турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылды. Алар ушул тапта Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди баш кылып 10 тургунду барымтага алышкан.

Барымтадагылар Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулду.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку расмий маалыматка караганда, кыргыз тараптан 173 киши жаракат алып, 34 адам каза тапты.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 15 киши каза болгонун кабарлашты.

1-майда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди. Эки тарап ок атышууну токтотуп, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдүн баарын мурдагы ордуна алып кетүүнү макулдашты.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. (JsA)

XS
SM
MD
LG