Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

“Бир дүйнө” Кыргызстанды ЕККУга кайрылууга чакырды


Чек арадагы жаңжалдан кийин талкаланган үйүнүн ичинде турган аялдар. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.
Чек арадагы жаңжалдан кийин талкаланган үйүнүн ичинде турган аялдар. Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек арадагы кооганын кесепетин, кырдаалды иликтөө, эксперттер миссиясын түзүү үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмуна кайрылышы зарыл. Бул тууралуу “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо бийликке жолдогон ачык кайрылуусунда айтылат.

Анда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин сактоо, чектеш аймакта күн кечирген карапайым калктын коопсуздугун камсыздоо жаатында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа Биримдиги, ЕККУ өңдүү эл аралык уюмдар менен кызматташуунун зарылдыгы белгиленген.

Кайрылуу президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, премьер-министр Улукбек Мариповго жана омбудсмен Токон Мамытовго жолдонгон. Уюм сүйлөшүүлөр жана чаралар тынчтык маанайында болушу керектигин белгилейт.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” – адам укуктарын коргоо жаатында ишмердик жүргүзүп келаткан уюм.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 34 кыргызстандык набыт болуп, 183 адам жараат алды, 50 миң адам убактылуу коопсуз жайга көчүүгө аргасыз болду. Кыргыз бийлиги карапайым калкка куралдуу кол салуу болгонун билдирген.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG