Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

"Клооп Медианын" БШКга каршы арызын сот канааттандырган жок


Бишкек шаардык административдик соту "Клооп Медиа" коомдук фондунун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үстүнөн жазган арызын канаттандырган жок. Отурум 6-майда болду. "Клооп" басылмасы эми жогорку инстанцияга арыз жазыларын билдирди.

Аталган уюм 11-апрелдеги референдумга жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого мониторинг жасап, катталган мыйзам бузууларды тизмектеп БШКнын үстүнөн сотко арыз жазган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, "Клооп Медианын" байкоочулары үч миңге чукул эреже бузууну катташкан. Мыйзамга каршы аракеттер добуш берүү учурунда жана добушканалар жабылгандан кийин да болгону белгиленген. Бирок БШКдан буга байланыштуу түшүндүрмө ала алышкан эмес.

"Клооп Медиа" шайлоолорго мониторинг жүргүзүү аракетин БШКны көз карандасыз орган болушуна көмөктөшүү деп сыпаттап келатат.

БШКнын сайтындагы реестрге "Клооп Медианын" арыздары жөнүндө маалымат киргизилип, канааттандыруудан баш тартылганы жана себептери жазылган.

11-апрелде кыргызстандыктар 420 айылдык, 28 шаардык кеңешке депутаттарды шайлашкан. Андан тышкары, өлкөнүн жаңы Конституциясы референдумга коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG