Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Сахалинде тамакка ууланган кыргызстандыктардын абалы жакшы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Сахалин аймагында кыргызстандык 12 адам тамак-аштан ууланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, алар "Оргэнергострой" институтунун Углегорск филиалында иштеген мигранттар.

7-майда Түштүк-Сахалиндеги кыргыз консулу Углегорск борбордук ооруканасынын жетекчилиги менен сүйлөштү. Дарыгер уулануу фактысын тастыктап, саламаттыгына чоң коркунуч жоктугуна байланыштуу медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң бейтаптар үйгө чыгарылганын билдирген.

Окуяны чоо-жайын териштирүү үчүн материалдар Углегорск прокуратурасына жана "Роспотребнадзордун" Сахалиндеги башкармалыгына өткөрүп берилген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуяны көзөмөлүнө алган.


 

XS
SM
MD
LG