Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Садыр Жапаров: Инвесторлорду коргоо боюнча кодекс кабыл алынат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түркиялык “TRT Avaz” телеканалына берген соңку интервьюсунда “бийлик инвесторлорду коргойт” деп, аларга басым-кысым кылгандарга жол бербей турганын айтты.

Ошондой эле мурда ар кандай жолдор менен бизнесин тарттырып жиберген ишкерлердин мүлкү кайра кайтарылып жатканын кошумчалап, аларды тактаган жок.

“Биз инвесторлорго бардык шарттарды түзүп атабыз. Эки айдан кийин инвесторлорду коргоо боюнча кодекс кабыл алынат. Биз инвесторлорду мыйзам менен эле эмес, Баш мыйзам менен да коргоп койдук. 17-беренеде “Инвесторлор Баш мыйзам менен корголот” (ред: Конституциянын 17-беренеси - Мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет) деп жазып койдук”.

Соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү түшүп кетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 477 млн. 625 миң долларды түздү. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 млрд. 76 млн. доллар болгон. Былтыр ошол эле учурда сыртка 808 млн. 104 миң доллар чыгарылып кеткен. Быйыл жыл башынан берки инвестициянын эсеби чыга элек.

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган Конституциядан кийин Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн бекитип, өлкөдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик түзүлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG