Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Казакстанда активист Кенжебек Абишев абактан бошотулган жок


Кенжебек Абишев
Кенжебек Абишев

Казакстанда «куралдуу жихадга чакыруу» айыбы менен соттолгон жарандык активист Кенжебек Абишевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотуу өтүчүнү канааттандырылган жок. Мындай чечимди 11-майда Алматы облусундагы Капчыгай шаардык соту кабыл алды. Буга чейин Абишевдин ден соолугу начарлап кеткендиктен аны абактан бошотуу өтүнүчү менен адвокаты кайрылган. Адвокат Гүлнара Жауспаева сотко Абишевдин төрт жылдан бери отурганын, үлгүлүү жүрүш-турушун, үй-бүлөлүк абалын жана ден соолугу начарлап кеткенин жүйө келтирген. Бирок ишти караган судья бул жагдайларды эске алган эмес.

55 жаштагы Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Аны менен кошо дагы эки адам Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок айыпталуучу өзүнүн саясий көз караштары үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. Казакстандагы укук коргоочулар Абишевди саясий туткун деп аташат.

XS
SM
MD
LG