Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

13-майдын аба ырайы


13-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 20…25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 23…25 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG