Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн 12-майда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расмий каттаган вакциналарды сатып алышыбыз керек. Орусиянын "Спутник V" вакцинасын ДССУ каттай элек. Ошондуктан биз Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз”, - деди министр.

Ошондой эле ал ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 50 миңден ашык киши эмделгенин билдирди.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет.

Өкмөт буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Коронавирус пандемиясы башталган бери Кыргызстанда илдеттен 1675 киши каза болду. Дээрлик 100 миңге жакын киши вирус жугузуп алды. Анын 92 миңден ашыгы сакайып чыкты. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG