Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

АӨБ Кыргызстандын экономикасынын келечегин талдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкынын соңку баяндамасында чек аралар ачылып, камсыздоо тармактары калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы акырындык менен калыбына келип, 2022-жылы тездери айтылган.

Божомолго ылайык, Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 2021-жылы 3,5 пайызга, 2022-жылы 5 пайызга өсөт.

Алтындын экспорту жакынкы эки жылда 5% чейин көбөйөт. Айрым инфраструктуралык долбоорлор кайра жандана баштагандыктан, импорт болжол менен 10% га жогорулашы мүмкүн.

Аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Канокпан Лао-Арайанын айтымында, өнөр жай, курулуш жана тоо-кен сыяктуу импортко көз каранды тармактар экономиканын калыбына келишине түрткү берет.

Ошондой эле сырттан акча которуулар 5% көбөйүшү болжолдонгон. Азия өнүктүрүү банкы муну Орусиянын экономикасына байлаган.

Ал эми Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт айда 3,8% начарлаганын билдирди.

Быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүм 166,1 миллиард сомду түзгөн.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG