Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Кытай Кыргызстандын экономикасын колдоого грант берет


Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Кытай Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион доллар) өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды. Аны 11-майда Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Ваң И макулдашты.

Маалыматка караганда, кытай тарап гранттан тышкары коронавируска каршы вакцинасынын экинчи партиясын гуманитардык жардам катары берет. Анын өлчөмү 150 миң дозада болору белгилүү болду.

Ошондой эле эки тараптуу макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Кытайга болгон карызынын мөөнөтүн узартуу үчүн кошумча төлөмдөр болбойт.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 31-январга карата 4 млрд. 954,11 млн. долларга жетти. Мунун 1,778 млрд. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн. доллардан 400 млн. долларга чейин бөлүп турушу керек. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG