Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Бишкекте киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шаардык милицияга окуя тууралуу маалымат 12-май күнү саат 11:25те түшкөн.

Сөз болуп жаткан дарекке Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу, Бишкек шаардык милициясынын, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматкерлери барган.

Анда барак тибиндеги жеке үйдөн өлтүрүлгөн азиат улутундагы эки аялдын сөөгү табылган. Аялдар 63 жана 31 жашта болчу.

Свердлов райондук милициясы бул фактты Жазык кодексинин «Эки же андан ашык адамды өлтүрүү» беренеси менен катталды. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өлтүрүлгөндөр эне-кыз экенин жазып жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG