Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кыргыз-тажик чек арасында кармалган жарандар бошотулду


Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн 17-майда эртең менен бул айылдан үч тажик жаранын кармашкан. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөн себебин тактоо максатында аларды милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согд облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулганы маалымдалды.

Алдын ала маалыматка караганда, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандары сабалып, ооруканага жөнөтүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG