Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Роттердамда "Eurovision-2021" ыр сынагы башталды (видео)


Нидерланддардын Роттердам шаарында 18-майда "Еврокароо-2021" (Eurovision) ыр сынагынын биринчи жарым финалы болду. Ага катышкан 16 мамлекеттин ырчыларынын 10у финалга жолдомо алышты.

Экинчи жарым финал 20-майда болот. Ал эми финалга чыккан 26 өлкөнүн ырчылары 22-майда мөөрөй талашат.

Европалык популярдуу обондуу ырлар сынагы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган.

"Eurovision" сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан шоу. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG