Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Бишкекте «Маданий демилгелер биенналеси» өттү


Kyrgyzstan. Exhibition Biennale of Cultural Initiatives.
Kyrgyzstan. Exhibition Biennale of Cultural Initiatives.

Бишкекте 19-майда «Маданий демилгелер биенналеси» аттуу эки күндүк иш-чара жыйынтыкталды.

Өнөрпоздорду бириктирген иш-чараны «Терра Паблик» коомдук фонду демилгелеп, «Силикон өрөөнү» фондунун колдоосу менен уюштурду.

Маданий көргөзмөгө өлкөдөгү жыйырмадан ашык маданий жана коомдук уюм катышты. Алар мультимедиа тиркемелерин, басылмаларды, кинофильмдерди, аудио жазууларды, сайттар менен электрондук платформаларды, улуттук кийимдердин реконструкцияланган үлгүлѳрүн көрсөтүштү.

Көргөзмөгө келген конокторго презентациялар тартууланып, мектеп окуучуларына кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана оюн-зоок иш-чаралары уюштурулду.

Форумдун максаты – салттуу билим менен маданий тажрыйбаны жайылтуу, коомдук уюмдардын ѳлкѳнүн маданий мурастарын калыптандыруудагы ролун артыруу болду. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG