Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кинорежиссёр Артык Сүйүндүковго ыйгарылган эл аралык сыйлыктар тапшырылды


Солдон оңго: Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, кинорежиссёр Артык Сүйүндүков жана министр Кайрат Иманалиев.
Солдон оңго: Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, кинорежиссёр Артык Сүйүндүков жана министр Кайрат Иманалиев.

Бүгүн 19-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Эл артисти, режиссёр Артык Сүйүндүковго Орусиянын Кинематографиялык искусство академиясынын «Ника» сыйлыгы жана Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалдын “Мыкты режиссура” номинациясынын сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды министр Кайрат Иманалиев тапшырды.

"Шамбала" фильми "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын жеңип, “Ника” сыйлыгына татыган. Сыйлоо аземи быйыл 25-апрелде Москвада өткөн.

Ушул эле тасмасын койгону үчүн Артык Сүйүндүков Калькуттада өткөн эл аралык фестивалда “Мыкты режиссура” сыйлыгын алган. Кинофестиваль быйыл 8-15-январда Калькуттада өткөн.

"Шамбала" тасмасы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде 2020-жылы тартылып бүтүп, дүйнөлүк премьерасы Шанхайда (Кытай) өткөн эл аралык фестивалда ушул эле жылдын июль айында көрсөтүлгөн. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG