Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Гилменддеги жардыруу тогуз бейкүнөө кишинин өмүрүн алды


Гилменддеги салгылашуудан качкан оогандар. Лагман чөлкөмү, 4-май 2021-жыл
Гилменддеги салгылашуудан качкан оогандар. Лагман чөлкөмү, 4-май 2021-жыл

Бейшембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жолго коюлган бомба жарылганда тогуз киши, арасында аялдар менен балдар каза болду. Дагы эки наристе жараат алганын жергиликтүү "Tolo News" телеканалы маалымдады. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ал ортодо расмий булактар “Талибан” согушкерлери Лагман чөлкөмүндө Давлат Шах районунун борборун ээлеп алышканын билдиришти. Ал жерди жоочулар кеминде бир айдан бери курчап турушкан. Бир жумадай ооган армиясына кошумча күч, техника өтө албай жатты. Акыр аягында жергиликтүү уруу аксакалдары арачы түшүп, аскерлер эвакуацияланды. Маалыматка караганда, курман болгондор жок.

Өткөн аптада “Талибан” Кабулга жакын борбордук Вардак чөлкөмүндө стратегиялык районду, анын алдында Багланда да маанилүү жерди өз көзөмөлүнө алган.

Согушкер топ АКШнын аскерлери ооган жергесинен чыгарыла баштагандан бери чабуулдарын күчөттү.

Ал эми Катарда “Талибан" менен ооган өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү алга жылбай турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG