Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Марипов: Кыргыз-тажик чек арасында кыймыл толук токтоду


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Чек ара маселесин чечүү үчүн күч-аракеттер жумшалууда. Делимитация жана демаркация иштери аркылуу биз чек араны чыңдоо максатын койдук. Ал үчүн зарыл иштер аткарылып жатат. Бул жаатта жергиликтүү тургундардын ролу чоң. Ошондуктан элди сабырдуулукка чакырам”, - деп жазылган.

Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон. Эки өлкө бирин бири айыптап кылмыш ишин козгоду. (MiK)

XS
SM
MD
LG