Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырды


Эдуард Кубатовдун Эвересттен тартылган сүрөтү.
Эдуард Кубатовдун Эвересттен тартылган сүрөтү.

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов “Эверест 1” экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыкты. Бул тууралуу альпинисттин машыктыруучусу Александр Абрамов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Эверест 1” командасы эң бийик чокуну багындырды. Азыр ылдыйга түшөбүз. Аба ырайы жаман эмес. Бир аз шамал болуп жатат. Команданын курамында рекорддук көрсөткүчкө жеткен биринчи кыргыз жана израилдик бар”.

Эдуард Кубатов "Жети чоку" экспедициясынын курамында Эвересттин 6550 метрлик чекитин багындырганын 4-майда “Азаттыкка” кабарлаган.

Непал менен Кытайдын чектеш жеринде жайгашкан Эверест чокусунун эң бийик жери - деңиз деңгээлинен 8 848 метр. Чокуга 10 миңге жакын киши чыгып, дагы 300дөй киши ага жетпей, орто жолдон каза тапкан.

Эверестти биринчи жолу багындырган Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында, Тенцинг Норгей 1986-жылы 71 жаш курагында каза тапкан. Ал эми чокуга эң биринчи жолу кычкылтек баллонун колдонбой италиялык альпинист Райнхольд Месснер жеткен. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG