Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Маматалиев: тандоодон өткөн гана акимдер ротацияланды


Абдырахман Маматалиев.
Абдырахман Маматалиев.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев район акимдерин ротациялоодо бир нече критерий эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, "түндүк аймактан түштүккө", "түштүк аймактан түндүккө" деген жобо менен которулду.

"Акимдердин сапатын жакшыртуу максатын көздөдүк. Элде арыздануу, нааразычылык көп экен. Ошонун баары кызматтан кетти. Аттестациядан өтүп, билим деңгээлин, тажрыйбасын көргөзө алган акимдер жана конкурс аркылуу тандалган кадрлар дайындалды", -деди Маматалиев.

Кыргызстанда жалпысынан 37 райондун акими жаңы дайындалды. Алардын арасында иштеп жаткан 19 аким башка райондорго которулуп, 18и кызматтан алынды. Алардын ордуна аймактык кадрлар резервинде турган кадрлар тандалды.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, акимдерди ротациялоо "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлдү. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG