Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

"Аутизмди жеңебиз kg": оорулуу уулу сабалган эне милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте "Аутизмди жеңебиз kg" борборунда сабалган баланын энеси тарбиячыга каршы милицияга арыз жазды. Аталган борбордон балага кол көтөргөн тарбиячы-дефектолог жумуштан алынып, ага айып пул салганын "Азаттыкка" кабарлашты. Аны менен кошо жооптуу дагы эки педагог жумуштан кетти.

Президенттин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бул окуяны териштирүүнү өз көзөмөлүнө алды. Ал баланын энеси менен жолугуп, наристенин абалын талкуулады.

Интернетке 21-майда бул жайдын тарбиячысы бир баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Ал борбордо тарбияланып жаткан алты жашар бала экени белгилүү болгон.

Анын ата-энеси баласынын саламаттыгы үчүн Оштон Бишкекке убактылуу көчүп келип, аны менчик окутуу борборлоруна алып барып жаткан. Зомбулукка учураган бала бул окуу борборунда билим алуусун улантып жатат.

"Аутизмди жеңебиз kg" борборунда сексенден ашуун бала тарбияланат. Кыргызстанда аутизм менен жашаган балдардын жана өспүрүмдөрдүн так саны жок.

Майыптыгы бар 200 миңден ашуун адам каттоодо турат. Анын отуз миңдейи 18ге чыга элек балдар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG