Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:05

Шавкат Мирзиёев 60ка чыккан өкмөт башчыны орден менен сыйлады


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-май күнү 60 жашка толгон премьер-министр Абдулла Ариповду "Чын дилден өтөгөн кызматы үчүн" (“Фидокорона хизматлари учун”) аттуу орден менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин атайын жарлыгы чыкканын "Озодлик" радиосу кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул орден Ариповдун "көп жылдык эмгеги, мамлекеттин эгемендигине жана экономикалык потенциалын көтөрүүгө кошкон салымы" үчүн ыйгарылган.

Арипов 2016-жылы мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин премьер-министрлик кызматка келген. Ага чейин бир топ жыл бою ошол кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин орун басары болуп иштеген.

Ал 2012-жылы телекоммуникация тармагындагы коррупция жаңжалынан көп өтпөй кызматтан кетип, Өзбекстанда бийлик алмашканга чейин Ташкенттеги колледжде окутуучу болуп эмгектенип келген.

Күмүштөн жасалып, алтын жалатылган "Чын дилден өтөгөн кызматы үчүн" ордени Өзбекстандагы негизги мамлекеттик сыйлыктардын бири. Бул ордендин ээси акчалай сыйлыкка жана мыйзамда көрсөтүлгөн бир катар жеңилдиктерге ээ болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG