Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:11

УКМК: мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды


Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте жана Чүй облусунда электр энергиясын мыйзамсыз алып иштеп жаткан майнинг-фермаларын аныктады.

Бул факт тууралуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш ишинин алкагында алты жерден майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн эки миңге жакын жабдуу алынды.

УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого байланыштуу иш-чаралар улантылып жатканын билдирди. Атайын кызмат бул факт энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу иштеринин алкагында аныкталганын айтты.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн алар электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат. Жакында эле "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG