Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Кыргыз-тажик чек арасы: Казакстан консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр


Казакстандын премьер-министринин орун басары Мухтар Тлеуберди жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
Казакстандын премьер-министринин орун басары Мухтар Тлеуберди жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 29-майда президент Садыр Жапаров менен жолукканда Нур-Султан чек ара чырына байланыштуу консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку окуялар жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелер көтөрүлгөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мухтар Тлеуберди Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды олуттуу кабыл алганын жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Казакстан менен Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 миллиард долларга чыгаруу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болду. Алардын экөө бала. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирди. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG