Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Коронавирустан дагы жети адам каза болду, 382 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Чүй облусунда, экөө Бишкекте.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1815 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (184) жана Чүй облусунда (70).

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 105 111 адам болду.

Бир күндө 329 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1634 адам жатат, дагы 1758 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG