Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

COVID-19: беш бейтап каза болду, оору 362 адамдан аныкталды


Кыргызстанда 7-июнга карата дагы беш адам коронавирустан көз жумду. Соңку бир суткада дагы 362 киши ооруга чалдыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы расмий саны саны 107 335, көз жумгандар 1852ге жетти. Айыккандар - 100 722 киши.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу алгач 2020-жылдын мартында аныкталып, андан бери жугузуп алгандар улам өсүп жатат. Адистер ооругандардын саны расмий көрсөткүчтөн көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келүүдө.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын "Sinopharm", Орусиянын "Sputnik-V" вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн. Кыргызстан учурда Кытайдан жана Орусиядан мурда жетишилген макулдашуулардын алкагында вакцина күтүп жатат.

Ушул күнгө чейин 80 миңден көп жаран эмделди.

2019-жылдын соңунда Кытайда аныкталып, дүйнөгө тараган коронавирус 174 миллиондон ашуун адамга жугуп, 3 миллион 700 минден көп адамдын өмүрүн кыйды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG