Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

Белгилүү куудул Рахман Разыков дүйнө салды


Рахман Разыков. 2017-жыл.
Рахман Разыков. 2017-жыл.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын билдиришинче, ал пневмония болуп ооруканада жаткан.

Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.

Куудул "Таң жылдызы" “Бешилик”, “Беш кемпир", “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеген. Сатирадан тышкары ыр дагы жазганы белгилүү.

Разыков чыгармачылыктан тышкары саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Ал катышкан “Ар бир айдын алтысы”, “Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” сыяктуу концерттерде бийликтеги адамдар тамашага салынып, сындалчу.

Разыков ушул жылдын январь айында “Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” аттуу концертине бийлик бут тосуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды суракка чакырганын билдирип чыккан.

Ал бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Соңку парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси (22) менен шайлоого барган.

Артында үч уул, үч кызы калды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG