Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Саясат сүйбөгөн сатира


Кыргызстандагы куудулдар чыгармачылык менен иштөөгө бут тосуу болуп жатат деп нааразы.

Буга концерт коюуга маданий имараттардын жана концерт тууралуу акы төлөнгөн кулактандыруулардын теледен берилбей жаткандыгы негиз болду дешүүдө.

Куудулдардын куйкум сөзү кимге жакпай жатат? Кыргызстандагы куудулдар кандай маселеге көңүл буруп, кандай көрүнүштөрдү ашкерелейт? Эзелтен бери “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген кыргыз эли куудулдардын ишмердигине кандай баа берет?

Талкууга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов жана маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков катышты.

“Азаттык”: Рахман мырза, Кыргызстанда куудулдар кайсы президент, кандай бийлик болбосун оюн ачык айтып келген. Эмне үчүн азыр сатирага бут тосуу болуп жатат деген нааразылыктар пайда болду? Ага кандай далилдер бар?

Рахман Разыков
Рахман Разыков

Рахман Разыков: Сатира эл абдан сүйүп көргөн жанр. Биз койгон концерттердин баарына эл келет. Туура, биз бардык бийликтин тушунда коомдо болгон жат көрүнүштөрдү сындап, аны сахнада көрсөтүп келебиз. Элге коомдо, бийликте болуп жаткан былык иштер сатиранын тили менен жакшы жетет экен. Бирок соңку кезде биздин бул аракетибизге бийликтин мамилеси өзгөрө баштады.

Өткөндө эле Тынар экөөбүздүн концертибизди белгиленген күнү сахнага чыгарбай коюшту. Спорт ордосун жаап коюшту да, концертке келген миңден ашык адам убара тартты. Спорт ордосунун жетекчисинин орун басары ачык эле “жогор жактагылар менен чечишип албайсыңарбы” деди. Концертти дароо циркке которуп, келгендерди тезинен ал жакка жеткирип, жетпегендери калып калды.

Кийин келишим туура эмес түзүлгөн, концертти Маданият министрлиги бекиткен эмес деп шылтоо кылышты. Андан кийин деле беш айдан бери Бишкекте концерт коюуга жай алалбай жүрөбүз. Ар кандай шылтоолор менен келишим түзүшпөйт. Бирок бийликти сындап жатасыңар, мурда минтип сындоочу эмес элеңер деген аргументти негиз кылышат. Биз мурда деле, азыр деле көргөнүбүздү сындайбыз. Мамлекет сатираны туура жолго буруп пайдаланса жакшы болмок, бирок алар бул жолго барган жери жок.

“Азаттык”: Күмөндөр мырза, адамзат тарыхында бийлик башында тургандар маскарапоздордун, акындардын, куудулдардын чыгармачылыгына эркиндик берип, коомдогу өздөрү көрө албаган же байкабаган терс көрүнүштөрдү алардын көзү менен көрүп, тили менен айттырып, анан гана жыйынтык чыгарган. Кыргызстандын коомдук турмушунда болуп жаткан ошондой терс көрүнүштөрдү азыркы куудулдар ачык-айкын айтат, ошон үчүн бут тосуулар болуп жатат дегенге негиз барбы?

Күмөндөр Абылов
Күмөндөр Абылов

Күмөндөр Абылов: Куудул кишини илгертен эл сыйлап, коомдун күзгүсү катары пайдаланган. Илгери падышанын жанында маскарапоздор жүргөн. Эң ачуу чындыкты ошолор айтып, өзүн күзгүдөн көргөндөй кемчиликтерин оңдогон. Бизде да Куйручук, Жоошбай, Көкөтөй, Бекназар, Шаршен деген куудулдар болгон. Алар манаптардын кемчиликтерин бетке айтып, элдин ынтымагын, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоого акылмандык, көсөмдүк менен кеңештерин берип турушкан. Ал эми бут тосууга Акаевдин доорунда мен да туш болгом. Имаратты жаап коюшуп, 10 күндүк концертим болбой калган. Азыркы убакта “Кемчилик керкисинде дагы, кемтигинде да бар” дегендей көрүнүш болуп жатат. Концертке бут тоскондон көрө, куудулдук өнөр, сахнанын, сатиранын мыйзамдарын, этикасын, талабы менен деңгээлин жана сатиранын жаралышына негиз берген көрүнүштөрдү тегерек үстөлдө бирге отуруп талкуулашса кемчиликтерди жоюп, алдыга бирге өнүктүрчү иштер аныкталмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG